7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ Түштүк Кореядагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырат

475

Кыргызстандын Тышкы иштер инистрлиги Корея Республикасында аскердик абал жарыялангандыгына байланыштуу маалыматтык билдирүү таратты.

Министрлик Кореянын аймагында жүргөн КР жарандарына тынчтыкты сактап, сак болууга жана өтө зарыл болбосо жашаган жеринен чыкпоону катуу сунуштайт.

«Өзүңүздүн коопсуздугуңуз үчүн жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарып, ар кандай коомдук иш-чараларга, өзгөчө саясий мүнөздөгү иш-чараларга катышуудан алыс болуңуз. Тышкы иштер министрлиги кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууда. Кыргызстандын Сеулдагы элчилиги Корея Республикасынын тиешелүү органдары менен дайыма байланышта. Өзгөчө кырдаал болгон учурда дароо +82 10 9798 0951 телефон номери аркылуу элчиликке кайрылыңыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, күн мурун Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өзүнүн телекайрылуусунда өлкөдө аскердик абал жарыялаган.

476