7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имараты ачылды

270

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн административдик имаратынын жана Кабыл алуу үйүнүн ачылыш салтанатына катышты.

Негизги имараттын жана кошумча корпустун курулушу толук аяктаган. Жаңы комплексте 120 орундуу чоң жыйын залы, бир нече ар түрдүү форматтагы жолугушуулар залдары, ресторан-банкет залы, кызматкерлердин иш бөлмөлөрү, ошондой эле жарандарды тейлөө үчүн консулдук борбор каралган. Бүгүнкү күндө имарат эмеректер менен 90 пайызга жабдылган, жабдууну аяктоо жакынкы убактарга пландалууда.

Өлкө башчы жаңы комплекстин иш бөлмөлөрүн жана имараттарын көрүп, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар жана өкүлчүлүктүн инфраструктурасы менен таанышып чыкты.

Ал кыдыруунун жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрлигине жана башка жооптуу мамлекеттик органдарга өкүлчүлүктүн натыйжалуу ишин камсыздоону, жарандарды сапаттуу тейлөөнү жөнгө салууну жана өлкөнүн түштүк аймагында эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн комплекстин мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө пайдаланууну тапшырды.

 

271