Түркияда Рамазан Йылмаз аттуу 40 жаштагы жаран тиши ооруп менчик клиникага кайрылган. Тиш доктур бейтапты 24 жылдык тажрыйбасы бар адис экенине ишендирген. Дарыгер оорулуу тишти жулуп алып, имплант орнотууну сунуштаган.
Бейтап макул болгон соң, дарыгер тишти колу менен орното баштаган. Тиш доктур имплантты ушунчалык күч менен бурап салгандыктан, темир баш сөөктүн сөөктөрүн сындырып, мээге тийген.
«Дарыгер тишти орнотууга аракет кылганда, анын ашыкча күч колдонуп жатканын байкадым. Мен ага сөөктүн сынганына окшош үн уктум деп айттым. Бирок ал ошондой эле болорун айтты», — деген бейтап.
Тиш доктур өз катасын түшүнүп, бейтапты ооруканага алып барган. Операция ийгиликтүү болгон, бирок дарыгер келтирилген зыяндын ордун толтуруп, дарыланууга акчасын кайтарып берүүдөн баш тарткан. Йылмаз сотко кайрылган.