7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоңдо 13 жашар кызды зордуктаган үч эркектин бири негизсиз акталып чыкты

411

Тоң райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктаган айыпталуучуну актады. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Айнура Асанова ЖМКларга билдирди.


Анын айтымында, кызды үч башка эркек киши зордуктаган. Ата-энеси бул окуя тууралуу качан гана кыздын кош бойлуу экендиги белгилүү болгондо гана билишкен.


«Кыз ар башка убакытта үч башка эркек тарабынан кордолгон, ошондуктан тергөө үч эпизодду өз-өзүнчө кароодо. Ж.К.у. аттуу жаран уюштурган. Бирок сот жараяны учурунда айыпталуучу жабырлануучу менен жакындан тааныш эместигин билдирди. Азыр кыз психологиялык травма алгандыгына байланыштуу башка аймакта жашайт. Мамлекеттик айыптоочу Ж.К.у.ну 15 жыл эркинен ажыратууну суранганынан карабастан бири акталып чыкты. Судья айыпталуучулардын аракеттеринде кылмыш курамы жок экендигин билдирди», — деди Айнура Асанова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

412