Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде, райондорду өнүктүрүү долбоорунун алкагында Meena Plaza Tower комплексинин төрт асман тиреген имараты бир учурда жардырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, жардырылган көп кабаттуу үйлөрдүн эң бийиги 144 кабаттуу болгон.
«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жарылуу эң жогорку эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык жасалган. Имараттарды бузууга 10 секунд гана убакыт жетиштүү болду. Ошондой эле, имараттар көптөн бери пайдаланылбай келе жаткандыгы, алардын ордуна портко жол салынары айтылды», — деп берилет маалыматта.