Кинотеатрларга жарандар шахмат түрүндө гана жайгаштырылат. Бул тууралуу бүгүн мэриянын брифингинде вице-мэр Айжан Чыныбаева социалдык маселелер боюнча суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, кинотеатрларга бир нече шарттар коюлуп, алардын негизинде гана ачууга уруксат берилген.
«Биз буга чейин барып кинотетрлардын абалын көрүп 244-токтомдун негизинде чечимге келгенбиз. Жарандар шахмат түрүндө отурушат, алардын аралыгы 1-1,5 метр болушу керек жана залга 50 пайыз гана адам киргизилет. Кичинекей балдар үчүн ойногон жерлерде 30-50 пайыз гана жер берилет. Биздин бизнес адистерибиз менен сүйлөшүп пандемия кайрадан күч алса мейманкана, ресторандарды жабабыз», — дейт ал.