Бүгүнкү күндө Тоң районунда ак топоздордун саны 300 баштан ашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, фермерлер ак топоздорду эт багытында сойбой, тескерисинче, жыл сайын көбөйтүп, тукумун сактоо иштерин алып барышууда. Ак топоздун эти, сүтү жана териси сапаты боюнча баалуу болуп, экспорттук мүмкүнчүлүгү жогору.
Фермерлердин бири он жылдан бери ак топоз багат. Ал ондогон баш ак топоз багып, эмгеги жана жетишкендиктери үчүн Айыл чарба министрлиги тарабынан «Таштанбектин Ак топозу” деген наам берүү демилгеленүүдө.
Белгилей кетсек, ак топоздорду көбөйтүү демилгеси “3+2+1” долбоорунун негизинде жүрүп жатат.



