1-майда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында 1250 адам хор менен «Манас» айтышты.
Иш-чара Ж.Кыдыров атындагы эс алуу паркында өтүп, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Каныкейдин жомогу» чагылдырылып, билим берүү кызматкерлери, окуучулар жана тарбиялануучулар менен биргеликте «Манас» айтышы өттү.
Белгилей кетсек, бул иш-чара «Манас» эпосу жөнүндөгү» мыйзамдын жана президенттин 2022-жылдын 22-апрелиндеги «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы- «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек»эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында болду.