Тогуз-Торо районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун, май жана көмүр таратылды. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.
«Ихсан Хайрия» кайрымдуулук фонду тарабынан райондогу аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө 25 килограммдан ун жана күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк таратылды.
Белгиленгендей, азык-түлүк райондун 5 айыл аймагынын каттоосунда турган социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратылды.
Ошондой эле «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду Атай, Көк-Ирим айыл аймактарындагы муктаж жана турмуштук оор кырдаалга кабылган 135 үй-бүлөгө 9 мүшөктөн 68 тонна акысыз көмүр таратты.