7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Торо районунда жаңы сквер пайдаланууга берилди

164

Тогуз-Торо районунун Казарман айылында сквер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Иш-чарага аким Манас Мураталиев, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Бердибек Абдрахманов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Аким Манас Мураталиев айыл элин сквердин ачылышы менен куттуктап, тургундарды жаратылган шаймандарга аяр мамиле жасап, сергек жашоого үндөдү.

Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 млн 499,7 миң сом сарпталган.

Белгилей кетсек, мурда бул жерде аталар эстелиги жайгашкан. Кийин район акиминин демилгеси менен эстеликтер райондук маданият үйүнүн аймагына жылдырылып, жашоочулардын эс алуусу үчүн сквер курулду. Скверде жөө басуучу тротуар, балдар ойноочу аянтча жана улгайган жарандар үчүн воркаут жана атайын олтургучтар каралган.

165