Тогуз-Торо районуна караштуу Э. Касымалиев атындагы орто мектеби район борборунан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кар калың жааган шартка карабастан, мектептин окуучулары райондук олимпиадага катышуу үчүн математика жана информатика мугалими Алтынбек Чокморов агайы менен бирге ат минип жолго чыгышкан. Аба ырайынын катаалдыгына моюн сунбаган окуучулар билимге болгон күчтүү умтулуусун дагы бир ирет далилдеп, олимпиадага ийгиликтүү катышып келишти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



