Тогуз-Торо районунун борборунда жайгашкан Демилге конушунун Исаков көчөсүндөгү №37 Кубул Сырдыбаевага таандык турак үйдөн өрт чыгып, үй ээлери үйсүз калышты. Бул тууралуу “7-каналга” үй кожойкеси билдирди.
Анын айтымында, өрт кырсыгы 29-ноябрда кечки саат 17:00 чамасында катталган. Өрттөн үй толугу менен күйүп кеткендиктен, алар эч бир буюмду, үй документтерин алып чыгууга үлгүрбөй калышкан. Үй ээлерине бүгүнкү күнгө чейин райондук администрация тарабынан дагы, айыл өкмөттөн дагы жардам көрсөтүлгөн эмес. Ал тургай өрттөн жабыркаган үй кожейкесине 103 кызматы дагы көңүл бөлбөй, “Териси эле күйүптүр, эч нерсе болбойт” деп ооруканага алып кетпей коюшкан.
Ал эми райондун ӨКБүнө кайрылганыбызда, өрт кырсыгы катталгандыгын тастыктап, 16:39да маалымат түшүп, 16:45те жерине жетип, саат 17:28де өрт толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди. Өрт жардырылган электр жылыткычын көзөмөлсүз калтырып, өрт коопсуздук эрежелерин бузулушунан келип чыккан.
Райондун башчысы М.Карагулов кырсыкты жеринен таанышып, үйдү оңдоп-түзөө иштери жана көмөк көрсөтүү боюнча Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Эмил Артыкбаевге тапшырган. Айыл башчыга кайрылганыбызда, “Биз айыл өкмөт, Кеңештин төрагасы, аким, зам аким болуп жеринен көрүп келдик. Бүгүнкү күндө жардам берүү боюнча каражат каралып жатат. Баласы, бир туугандары менен сүйлөштүк. Кошумча маалымат беребиз”, — деген пикирин билдирди.
Жардам көрсөтүү чечими чыкканча үй ээлери жайсыз калышты. Буга ылайык район эли биригип, жардам көрсөтүүгө далалаттанышууда.
Кайрымдуулукка кол сунууну каалагандар үчүн: Электронный кошелёк: 0707659508
Единица: 0707659508 Надира!