7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тойдо жеңелер кызды күйөө балага көрсөтүү үчүн 50 миң сом сурашкан

3343

Социалдык тармактарда жеңелер кызды күйөө балага көрсөтүү үчүн баланын досторунан 50 миң сом сурашкан видео тараган. Анда, эки тарап бири-биринен доолашып, урушканга чейин барышканын тасмадан көрүүгө болот. Окуя кайсыл жакта болгону азырынчы белгисиз.

Ал эми, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков ысырапчылык, ыксыз чыгымдар, учурга ылайыксыз келген салттардан арылыш керек экендигин билдирди.

«Түштөндүрүү, аттанар аяк дагы толтура ирээнжиткен көрүнүштөргө башынан эле каршымын. Калың, сеп деле азыр маанилүү эмес. Менин жеке оюм — кайсы бир жокчулук, тартыш заманда “кызым барганда үшүп калбасын”-деп сепке төшөнчүсүн бергендир.  Азыр бөлмөнү ээлеген чүпүрөктөр, бөлмөнүн ичине туура келбеген мебелдерге ким муктаж? Салт ушундай экен деп кайталай бербей — заманга жараша салт ойлоп чыкпайлыбы? Салт асмандан түшкөн жок да, муктаждыктан улам адамдар арасынан эле келип чыккан. Кыргызды чыгымга учуратып жаткан ушул биздин ырым-жырымдар. Жакында эле бирөө менен сүйлөштүм, “күндө 2-3 той болуп жатат, бара берип акчам түгөндү, жакында тойго барганда конвертке “карызга жазып кой” деп калат окшойбуз дейт. Төмөндөгү видеодогу көрүнүш өтө жийиркеничтүү экен! Ушундан кийин эки жаш үлпөт тойду кантип эстейт? Лакылдаган жеңеси 50 миң сомго сатканын эстейт да, туурабы?»,- деди ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3344