7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тойдо жол эрежесин бузган айдоочулар жоопкерчиликке тартылды

303

Лейлек районунун аймагында өткөн үйлөнүү тойлордун биринде жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулар аныкталды.

Текшерүү учурунда бир айдоочу автоунаадан тулку боюн чыгарып, коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан автоээнбаштык аракеттерди жасаган. Ошондой эле ошол эле тойдо дагы бир айдоочу автоунаасынын алдыңкы каптал айнектерин мыйзамсыз караңгылатып айдап жүргөн.

Тиешелүү протоколдор түзүлүп, жалпы 35 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айдоочулар менен жол кыймылынын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

304