7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токио-2020: Айаал Лазарев биринчи беттеште 10:0 эсебинде утулуп калды

775

Токиодогу Жайкы Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны Айаал Лазарев биринчи беттеште утулду. Ал 5-августта 125 кг салмакта америкалык Дэн Гейбл Стивенсон менен күрөшүп 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип, чейрек финалга чыкпай калды.

Теги якутиялык Лазарев — 35 жашта, ал он жылдай убакыттан бери эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келатат.
Олимпиадада дагы бир эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев 6-августта күчүн сынайт.

23-июлда расмий башталган Токио-2020 оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын ону байге ала албады. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медал утту.

Мамлекет Олимпиадада алтын медал алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.
Кыргызстан медалдардын саны боюнча 61-позицияда келатат. Олимпиадага 200дөн ашуун мамлекет катышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

776