7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токио: Каныкей Кубанычбекова 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи

1014

Бүгүн, 24-июль Олимпиада оюндары башталды. Осака шаарында өтүп жаткан пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы квалификациялык мелдешке чыккан Кубанычбекова 48 орунду ээледи. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 5:30да башталды.

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова мелдеште 612,8 упай топтоп 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи. Мелдештин финалдык бөлүгүнө чыгуу үчүн спортчу 628,5 упай топтош керек болчу.

10 метрге пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы мелдештин финалдык бөлүгүнө сегиз спортчу чыгып, жыйынтыгында кытайлык спортчу Цянь Ян 251. 8 упай менен алтын байгенин ээси болду.
Күмүш байгени 251. 1 упай менен орусиялык Анастасия Галаш утуп алды. Швейцариялык Нина Кристен 230.6 упай менен үчүнчү орунга ээ болган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1015