Токио Олимпиадасына катышууга барган спортчулардын арасынан коронавирус жугузуп алган дагы 3 учур катталды. Бул тууралуу уюштуруу комитети өздүк сайтында кабарлады. Эске салсак, Япониянын Токио шаарындагы 2021 жайкы Олимпиада келе жаткан жума күнү, 23-июлда башталып, 8-августка чейин уланат.
Маалыматка ылайык, Олимпиадага катышуучулар менен уюштуруучулардын арасынан жалпы 58 жарандан COVID-19 илдети табылган. Алар медиа өкүлдөр жана делегация мүчөлөрү дешет.
«Kyodo» басылмасы, Олимпиада катышуучуларынын арасынан биринчилерден болуп, Токионун сыртындагы айылдарда машыгып жаткан спортчулардан коронавирус табылганын кабарлайт. Алар, Түштүк Африканын футбол командасынын 2 оюнчусу жана комментатору. Ошондой эле спорттун регби түрү боюнча ушул эле өлкөдөн барган машыктыруучу Нил Пауэллден да коронавирус илдети табылып, ал Кагосимеде карантинге алынгандыгы айтылат.
Мындан сырткары, Израил, Уганда жана Сербиянын спортчуларынан да COVID-19 илдети табылган.
Токиодо 17-июль күнү, бир суткада 1400 адамдан COVID-19 вирусу катталган. Расмий бийлик бул көрсөткүч, үстүбүздөгү жылдын январынан бери катталган «рекорддук чек»- деп көрсөтүүдө.
Эске салсак, Токиодо өтө турган 2021 жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 17 спортчу катышууга аттанып кеткен.