Токио 2021 жайкы Олимпиада оюндарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин курама команданын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгаары белгилүү болдду. Эске салсак, Кубанычбекова — Олимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин көтөргөн алгачкы айым болот.
Буга чейин Кыргызстандын желегин кимдер көтөрүп чыккан?
- Атлантада (1996-жыл) — Сергей Ашихмин (сууда сүзүү);
- Сиднейде (2000-жыл) — Раатбек Санатбаев (грек-рим күрөшү);
- Афинада (2004-жыл) — Митал Шарипов (оор атлетика);
- Пекинде (2008-жыл) — Талант Жанагулов (дзюдо) ачылыш аземде, Базар Базаргуруев (эркин күрөш) жабылыш аземде көтөрүп чыккан;
- Лондондо (2012-жыл) — Чыңгыз Мамедов (дзюдо) ачылыш аземде, Бекзат Осмоналиев (оор атлетика) жабылыш аземде көтөрүп чыккан;
- Риодо (2016-жыл) — Эркин Адылбек уулу (бокс).
Эске салсак, Олимпиада оюндары 23-июлда башталып, 8-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандык спортчулар 17 жолдомо алып, 16 спортчу мелдешке даярдык көрүүдө.
Кыргызстан курама командасы;
- Жоламан Шаршенбеков -грек-рим күрөшү,
- Акжол Махмудов -грек-рим күрөшү,
- Атабек Азисбеков -грек-рим күрөшү,
- Үзүр Жусупбеков -грек-рим күрөшү,
- Эрназар Акматалиев -эркин күрөш,
- Айаал Лазарев -эркин күрөш,
- Айсулуу Тыныбекова -кыздар күрөшү,
- Мээрим Жуманазарова — кыздар күрөшү,
- Айпери Медет кызы — кыздар күрөшү,
- Владимир Золоев — дзюдо күрөшү,
- Бакдөөлөт Расулбеков -оор атлетика,
- Роман Петров — фехтование,
- Каныкей Кубанычбекова -ок атуу,
- Денис Петрашов — сууда сүзүү,
- Дария Маслова — жеңил атлетика,
- Нурсултан Кеңешбеков — жеңил атлетика.
Ал эми Паралимпиадагаспортунун чебери
- Арстанбек Базаркулов — ядро түртүү,
- Хайитхон Хусан кызы — дзюдо.