7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Токмок суу каналдын» директоруна пара берип жаткан жеринен орун басары кармалды

861

Токмок шаарында “Токмок суу канал” ММдин балансында турган мамлекеттик мүлктү уурдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Тактап айтканда, “Токмок суу канал” ММдин директорунун орун басары баш болуп аталган мекеменин директоруна билгизбей ири суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган.

Ошол эле учурда, козголгон кылмыш ишинин алкагында “Токмок суу канал” ММдин директору О.С.К.га муниципалдык менчикти сатууну жашыруу максатында 60 миң сом пара берип жаткан жеринен анын орун басары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан тышкары, унаасынан суу түтүктөрүн сатуудан түшкөн дагы 135 миң сом акча каражаты табылган.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

862