7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмоктогу 5,8 млрд сомдук «Темирбетон» заводу мамлекетке өттү

358

Токмок шаарындагы болжолдуу баасы 5 млрд. 855 млн. сомду түзгөн «Темирбетон» ачык акционердик коому мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

«Темирбетон» ААКсынын акцияларынын 40%ы мамлекетке таандык экендиги, бирок көрсөтүлгөн үлүш акциялардын негизги пакетинин ээси В.П.нын жалган жактарына мыйзамсыз берилген жана толугу менен жеке менчикке чыгарылганы аныкталды.

Мамлекеттик мүлк фондунун 1992-жылдын 22-декабрындагы №455 токтому менен «Темирбетон» кооперативдик заводу, сметалык баасы 38 миллион 264 миң рубль болгон ачык акционердик коомго айландырылган.

1993-жылы Мамлекеттик мүлк фондуна электр тармактарын куруу менен алектенген чет өлкөлүк ишканалардын биринен «Темирбетон» ААКнын мамлекеттик үлүшүнөн 28 млн 698 миң сомдук 15% үлүшүн сатып алуу жөнүндө кайрылуу келип түшкөн, бирок аталган каражаттардын мамлекеттик бюджетке түшүүсү тууралуу документ түрүндө тастыкталган маалыматтар жок.

Акциялардын мамлекеттик пакетинин калган 25%ын 1992-жылдан азыркы учурга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду көзөлдөгөн эмес. «Темирбетон» ААКдан алынган пайдадан мамлекетке кандайдыр бир пайда түшкөн эмес.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында акциялардын пакетинин негизги ээси өз ыктыяры менен объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

359