7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто үй-блөсүнө күн көрсөтпөгөн адам кармалды

183

Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча иш козголуп, 38 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-августта 33 жаштагы келин милицияга кайрылып, жолдошу (расмий никеге турушкан эмес) акыркы үч жыл ичинде өзүнө жана кичинекей эки баласына зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.

Тергөөгө чейинки текшерүү башталып, анын жүрүшүндө жабырлануучу күйөөсү өзүн жана балдарын электр чубалгы, күрөк менен сабаганын айткан. Бул окуя боюнча жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Фактылардан улам Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Уруп-сабап кыйноо») менен иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

184