7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто милицияга бир күн мурун сурак берген 25 жаштагы жигит өз жанын кыйды

606

Токмокто 25 жаштагы жигит өз жанын кыйды. Чүй ОИИБ билдиргендей, өз өмүрүн кыйган жигит жашы жете элек кызга ыплас аракет кылуу боюнча күбө катары сурак берген.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 7-октябрь күнү милицияга И.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда арызында жаш өспүрүм кызына карата белгисиз жаран тарабынан ыплас аракеттер болгонун билдирип чара көрүүнү суранган.

Аталган окуя Токмок ШИИБдин маалыматтарды каттоо китепчесине катталып, тийиштүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле 10-октябрь күнү милицияга Токмок шаарынын тургуну 1997-жылы туулан Ч.А. өзүнүн үйүндө өмүрүн кыйгандыгы боюнча малымат түшкөн.

Өз өмүрүн кыйган жаран, 9-октябрда Токмок ШИИБдин тергөө кызматына күбө катары сурак берип, тергөө амалдары жүргүзүлгөн соң үйүнө кое берилген. Ал жарандын ыплас аракеттер боюнча кылмышка катыштыгы бар же жок экендиги боюнча текшерүү улантылууда.

Бул окуя Чүй ОИИББнын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, 1997-жылы туулан Ч.А. атту жарандын өз өмүрүн кыйуу фактысы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

607