7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто мрамор жана гранит чыгарган завод мамлекетке алынды

158

Токмок шаарындагы мрамор жана керамикалык-гранит плиталарын чыгаруучу «Кыргыз Тоо-Таш» заводу мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Бишкектин муниципалдык имараттарынын 60% дан ашыгы «Кыргыз Тоо-Таш» (гранит, мрамор, акиташ ракушечник, шагыл) материалдарын колдонуу менен курулган.

Ишканада Италиядан алынып келинген заманбап жабдуулар, заводдун карамагында өзүнүн карьерлери, кирүүчү темир жол жана жүк ташуучу унаалар паркы бар. Айлык өндүрүштүн көлөмү 30 миң чарчы метрден ашык каптоочу плиталарды (мрамор, акиташ, гранит) түзөт. Ошол эле учурда жогоруда аталган ишкананын ишмердүүлүгү даяр продукцияны ири көлөмдө экспорттоого багытталган.

«УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралардын жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин атынан Токмок шаарында жайгашкан «Кыргыз Тоо Таш» өндүрүштүк масштабындагы керамикалык -гранит буюмдарын, мрамор плиталарын жана кум-шагыл аралашмасын өндүрүү боюнча завод мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

159