7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто жөө адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

476

Токмок шаарында жөө жүргүнчүнү сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-ноябрь күнү саат 03:30 чамасында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз автоунаа 1986-жылы туулган С.К. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында айдоочунун өздүгү аныкталып, ал 1999-жылы туулган М.И. аттуу жаран экендиги, ал өзүнүн “Субару Форестер” үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп качып кеткени аныкталган.

Унаа атайын айып автоунаа токтотуучу жайга киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары уланууда.

477