7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто жарандын 350 миң сом акчасын, алтын буюмдарын уурдап кеткен шектүү кармалды

826

Токмок шаарында уурулукка шектүү 30 жаштагы жаран кармалды.Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын декабрь айында Токмокто ички иштер органдарына жергиликтүү 1961-жылы туулган К.Л. аттуу жашоочу арыз менен кайрылган. Анын 14-декабрь күнү үйүнүн терезесин сындырып белгисиз бирөө кирип, 350 миң сом акчасын жана 15 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1991-жылы туулган А.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги териштирилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

827