Токмокто уурулукка шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-декабрда жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, анын үйүнө белгисиз бирөө кирип, автоунаасынын дөңгөлөгүн жана азык-түлүгүн уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча үстүбүздөгү жылдын Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») боюнча катталып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Ыкчам иш-чаралардын негизинде 1984-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран уурулукка шектелип кармалган.
Шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.