7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмоктогу Дөңгөлөктү кайра иштетүүчү завод калдыктарды кайра иштетүүгө лицензия алды

207

“Кумтөр Голд Компанинин” филиалы – Токмок шаарындагы Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводу калдыктарды жок кылууга (кайра иштетүү) лицензия алды.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан берилген бул лицензия эскирген унаа дөңгөлөктөрүн утилизация кызматын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Дөңгөлөк таштандыларын жок кылуу боюнча заводдун бул кызматтары өнөр жай жана тоо-кен ишканалары, транспорттук компаниялар үчүн абдан чоң мааниге ээ. Анткени эскирген дөңгөлөктөрдү жок кылуу дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да өтө чоң экологиялык көйгөйгө айланган.

Эске сала кетсек, заводдун кубаттуулугу жылына 10 миң тоннага ылайыкталган. Ал эми болжол менен, жылына Кыргызстанда 10 миңден орто жана чоң көлөмдүү дөңгөлөктөр эксплуатациядан чыгат экен. Ишканабыздын жардамы менен бул чоң экологиялык маселени да жөнгө сала баштасак болот.

208