7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогул атындагы мамлекеттик сый акыга чыгармачылык эмгектерди кабыл алуу жарыяланды

251

Президенттин администрациясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле Кыргызстандын тиешелүү чыгармачыл бирликтери тарабынан Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын изденип алууга чыгармачыл эмгектерди 2025-жылдын 3-мартынан тартып 31-мартына чейин кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кароого 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жарыяланган көркөм сүрөт искусствосу, музыка, театр искусствосу, кино искусствосу, драматургия, адабият (поэзия, проза) жаатындагы чыгармачыл эмгектер кабыл алынат.

Мамлекеттик сый акыга көрсөтүүгө төмөнкүлөр кабыл алынбайт:

– чыгармалардын жыйнактары;

– тиражы көрсөтүлбөгөн же 1000 (бир миң) нускадан аз жалпы тираж менен басылып чыккан, окулушу оор майда шрифт жана саптардын ортосундагы тыгыз интервал менен басылган адабий чыгармалар;

– изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер;

– концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик коюулар.

Мамлекеттик сый акыны изденип алууга талапкерлер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү чыгармачыл бирликтерине кайрылуусу зарыл.

Кошумча суроолор боюнча 55-77-64 телефон номерине байланышса болот.

252