Токтогул токой чарбасында зыянкеч курт-кумурскаларга каршы алдын алуу чаралары жүргүзүлдү
11
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан түзүлгөн жумушчу топ Жалал-Абад облусунун Токтогул токой чарбасында зыянкеч — узбек (сарт) мурутчаны (Aeolesthes sarta) коңузуна каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүздү.
Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөтүнүн жана токой чарбасынын кызматкерлери катышты.
Изилдөө иштеринин жүрүшүндө:
• зыяндалган бак-дарактардан үлгүлөр алынды
• алынган материалдар Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Борбордук лабораторияга жөнөтүлдү
Ошону менен катар токой кызматкерлери тарабынан:
• санитардык кыюу иштери жүргүзүлдү
• токойду сактоо боюнча чаралар көрүлдү