7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда Элмирбек Иманалиев атындагы китепкана ачылды

822

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Элмирбек Иманалиев атындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу төкмө акын Амантай Кутманалиев өзүнүн социалдык баракчаларына жарыялады.

«Сүйүнчү! Жалал -Абадда Адеп башаты коомунун демилгеси м.н «ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АТЫНДАГЫ КИТЕПКАНА» ачылыптыр», — деп жазган.

Белгилей кетсек, белгилүү акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ал көптөгөн популярдуу музыкалык чыгармалардын автору. «Айтыш» фондусунда иштеп, акын жаш сүрөтчүлөрдүн насаатчысы болуп, Улуттук филармонияда жана Чүй облустук драма театрында да эмгектенген. Ал «Аруузатым», «Булбулум», «Коштошуу вальсы» жана башка музыкалык чыгармалардын автору жана аткаруучусу болгон. Акын импровизатор 2020-жылы 21-апрелде кант диабетинен көз жумган. Ал 42 жашта болчу.

823