7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда кыштоодо калган 10 жаран эвакуацияланды

214

Токтогул районунун Толук айылында кыштоодо калган 10 жаран 2811 баш малы менен айылга эвакуацияланды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, дагы 2 короодон мал-жандыктар менен 4 адам жолдо келе жатат. Ал эми калган 12 малчынын тамак-ашы жана тоюту жетиштүү болгондуктан көчүүдөн баш тарткан. Айыл өкмөтү тарабынан мал ээлерине эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Эскерте кетсек, аталган аймакта кар калың түшүп, жол каттамы жабылып, натыйжада 13 короодо турган 26 жаран мал-жандыктары менен кыштоодо калып калган. Аларга Толук айыл аймагынан ат менен жардам көрсөтүүгө атчан 50 адам жөнөтүлгөн.

Учурда жолдорду тазалоого 3 техника иштеп жатат. Ички жолдор 24-декабрга чейин толугу менен тазаланып бүтөрү пландалууда. Жабыркагандар жок.

215