7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулдагы сууну сарамжал пайдалануу үчүн үч өлкө протоколго кол койду

280

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда 2025-2026-жылдардын жаз айларына чейин электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Жолугушуу Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага үч өлкөнүн суу чарбасы менен энергетикасын тескеген мекемелеринин жетекчилери катышты.

Маалыматка караганда, Казакстандын энергосистемасы аркылуу Россиядан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо шарттары макулдашылган. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда да электр энергиясын жеткирүү боюнча эки тараптуу протоколго кол коюлган.

Документтин негизги максаты — Токтогул суу сактагычындагы сууну сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу.

Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычындагы сууну сактоо жана сарамжал пайдалануу үчүн ушундай аракет көрүлүп жатканын белгилеген.

281