Өлкөдө өнөктөштүк төрөткө, тактап айтканда, толгоо тартып жаткан аялдын жанына жакындарын киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.
«Эми күйөөсү да кирбейт, эч ким кирбейт. Биз өнөктөштүк төрөткө тыюу салдык»,— деди министр.
Депутат Надира Нарматова төрөт учурунда күйөөсүн киргизип койгондуктан кыйналган аялдар көп болуп жатканын айтып, аны жокко чыгаруу керектигин айткан.