7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Трамп ирандыктарды “өкмөттүк имараттарды басып алууга” чакырды

18

Дональд Трамп ирандыктарды “өкмөттүк имараттарды басып алууга” чакырды.

“Ирандык патриоттор, нааразычылык акцияңарды уланта бергиле — өкмөтүңөрдү басып алгыла! Канкорлордун жана зордукчулардын ысымдарын эстеп калгыла. Демонстранттарды жүйөөсүз өлтүрүү токтогонго чейин мен Иран бийликтери менен болгон бардык жолугушууларды токтоттум. Жардам жолдо бара жатат. Иранды кайрадан “Улуу» макамына ээ кылабыз”, — деп жазат Трамп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

АКШ президенти «демонстранттарды өлтүрүү токтогонго чейин» иран бийликтери менен бардык жолугушууларды токтотконун баса белгилеген.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү БУУнун баш катчысына жана Коопсуздук кеңешинин төрагасына кат жолдоду. Амир Саид Иравани Трамптын билдирүүлөрү өлкөнүн эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деп билдирди.

Ошондой эле Сауд Арабиясы, Оман жана Катар АКШны Иранга сокку уруудан баш тартууга чакырды, деп жазат The Wall Street Journal.

Акыркы маалыматтарга караганда, Ирандын 186 шаарында (31 провинция) 585 жерде нааразылык акциялары болуп, кармалгандардын саны он миңден ашты.

Эске сала кетсек, өлкөдө 100 сааттан ашык интернет жок. Бийлик өкүлдөрүнүн да уюлдук телефондору өчүрүлдү. Экономикалык кризис жана улуттук валютанын девальвациясынан улам келип чыккан массалык нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрынын аягынан бери уланууда.

 

19