7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Транспорт министрлиги сейил бактарды уюштурат

17
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мекеме, ишканаларынын жана республика боюнча ар бир Жол тейлөө ишканаларынын, Жол оңдоо пункттарынын аймагына же короосуна сейил бактар уюштурулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Сейил бактар 1 гектардан кем эмес аянтты камтып, ал жерде эс алууга ылайыкташкан бардык шарттар каралуусу шарт. Алсак, ар бир мөмө берүүчү бактар отургузулуп, гүлдөр тигилип, айлана-тегереги кооздолушу керек.
Бул чечим “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында министр Талантбек Солтобаевдин тапшырмасына ылайык кабыл алынды.
Аталган чечимди аткаруу жол куруу багытында иш алып барган инвестициялык долбоорлорго да милдеттендирилди.
 Министр Талантбек Солтобаев Транспорт министрлиги тарабынан быйылкы жылы 14 миң бак отургузуу пландалганын белгилеген.
18