7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Транспорт министрлигинде 1 млрд сомдон ашык мыйзам бузуу аныкталды

469

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө 1 миллиард 251 миллион 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

27-январда Эсептөө палатасынын кеңешинин отурумунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана Министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын 2021-2022-жылдар аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчёту каралды. Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар аныкталды.

Атап айтканда, аудиттин жүрүшүндө, жалпы 1 миллиард 251 миллион 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар болгон.

Анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 366 миллион 630,3 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 57 миллион 283,3 миң сом;
  • эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу – 214 миллион 824,1 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 612 миллион 670,5 миң сом;
  • ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин кагылышуусу жана процессуалдык бузулушу –  47,4 миң сом.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча аудиттин тиешелүү материалдарын укуктук баа берүүүчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.

470