7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

TTÖMER борбору 30 жылдык мааракесин белгиледи

11

Бишкек шаарында Түрк тилин үйрөтүү борбору – TTÖMER өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгиледи. Салтанаттуу иш-чарага расмий өкүлдөр, мугалимдер, студенттер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү, тил жана маданият тармагындагы кызматташтыкты өзгөчө белгиледи.

Анын айтымында, Түркия үчүн Кыргызстандагы эң негизги багыт – бул адам ресурстарын өнүктүрүү болуп саналат. “Биз үчүн эң маанилүү инвестиция – акча эмес, билимдүү жана даяр кадрлар. Башкы максатыбыз – билим жана маданият аркылуу кызматташтыкты чыңдоо”, – деди элчи.

Түркия Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары өлкөнү таанып, билим берүү багытында бир катар ири долбоорлорду ишке ашырган. Алардын катарында Кыргыз-Түрк Манас университети өзгөчө орунду ээлейт. Бүгүнкү күндө бул окуу жай дүйнөлүк рейтингдерде алдыңкы позицияларды ээлеп, миңдеген адистерди даярдап чыккан.

Ошондой эле түрк өкмөтүнүн стипендиялык программалары аркылуу учурда 2500дөн ашуун кыргызстандык студент Түркияда билим алууда. Жыл сайын 200дөн ашуун жаштар бул мүмкүнчүлүккө ээ болуп келишет. Ал эми TTÖMER борбору 30 жыл аралыгында 70 миңге жакын адамга түрк тилин үйрөтүп, учурда жылына 8 миңге чейин угуучуну камтууда. Борбор Кыргызстандын бардык аймактарында иш алып барып, тил менен бирге түрк маданиятын да жайылтууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки элдин ортосундагы тарыхый жана маданий жакындыктар белгиленип, билим берүү тармагындагы кызматташтык мындан ары дагы тереңдей берери айтылды. Салтанаттын соңунда борбордун жамаатына ыраазычылык билдирилип, маараке ээлерине куттуктоолор жолдонду.

12