Бүгүн, 30-декабрда, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн.
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, айрым аймактарда туман түшүп, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5,
- Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус,
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6,
- Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 суук болот.
- Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10 градуска жетет.
Бишкекте жаан-жачын ыктымалдыгы аз, абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус, күндүз 3…5 градус болот.