7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туманбаев: «Азаттык Арена» 2026-жылдын 1-августуна чейин даяр болот

167

Бүгүн Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы стадион «Азаттык Аренанын» курулуш иштери менен таанышты. Ал объектти кыдырып көрүп, аткарылып жаткан иштердин сапатын текшерди.

Туманбаевдин айтымында, курулуш бекитилген графикке ылайык жакшы темп менен жүрүүдө. Учурда бетон иштеринин 80 пайызы бүткөн, калган бөлүгү 10-декабрга чейин толук аяктайт. Андан кийин стадиондун конструкцияларын монтаждоо иши башталып, бул этап 15-февралга чейин жыйынтыкталат.

Президенттин Иш башкаруучусу белгилегендей, стадиондо инженердик тармактар, жасалгалоо иштери, ички жана тышкы инфраструктура бирдикте жүрүп жатат. Бардык негизги багыттар бир убакта аткарылып, эч кандай кечеңдетүүлөр жок.

Туманбаев долбоордун өзгөчөлүгүн дагы баса белгиледи: стадиондун курамында 40 миң чарчы метр соода аянты каралган. Бул жерге дүйнөлүк бренддер жайгашат, мындай формат көп өлкөлөрдүн ареналарында да кездешпейт.

Иш сапардын жыйынтыгында Каныбек Туманбаев: «Жаңы “Азаттык Арена” стадиону 2026-жылдын 1-августуна чейин толугу менен даяр болот»-деп билдирди.

168