7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туманбаев: Элибиздин жашоо-шартын жакшыртууга бардык күчүбүздү жумшайбыз

301

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Ысык-Көл облусуна жумушчу иш сапары менен барып, аймактардагы социалдык, экономикалык маселелерди жеринде талкуулады.

«Бул иш сапарыбыздын жүрүшүндө инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди оңдоо жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте талкууладык. Биз элибиздин жашоо-шартын жакшыртууга бардык күчүбүздү жумшап, социалдык объекттерде заманбап шарттарды түзүп, келечек муун үчүн бекем пайдубал курушубуз керек деп эсептейм. Буюрса президентибиздин жеке көзөмөлү менен жарактан чыккан, колдонууга мүмкүн болбогон оорукана, мектеп, бала бакча ж.б. объекттердин баары оңдолуп, кайрадан курулат»,- деди Туманбаев.

Белгилей кетсек, иш сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү долбоорлор белгиленип, аларды ишке ашыруунун жолдору талкууланды.

302