7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туманбаев: Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ысык-Ата курорту оңдолот

841

Президенттин тапшырмасы менен Ысык-Ата курорту оңдолот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соц.тармактагы баракчасына билдирди.

Анын айтымында, убагында СССРге таанымал курорт бүгүнкү күндө кыйрап калган.

«Атайын комиссиянын курамы менен курорттун абалы менен тааныштык. Баса белгилеп айтчуу жагдай, курорттун айрым жерлерин жана корпустарын жеке тараптар иштетип келген, Профсоюздар федерациясы карабай койгон. 2023-жылы 1 сом пайда тапкан эмес, тескерисинче курорттун карызы 22 млн сомду чапчып калган»,- деди Туманбаев.

Ошондой эле, быйыл президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ысык-Ата курортун оңдоп-түзөө иштери башталат.

842