7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туманбаевдин атын жамынып, 100 миң доллар алдап алган киши кармалды

332

УКМК тарабынан Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин атын пайдаланып, бирөөнүн 100 миң долларын алдап алган 32 жаштагы киши кармалды.

Ал жаран Туманбаев менен жакын мамиледе экендигин айтып, «Көчмөн сити» турак-жай комплексинин 18 кварталынын курулушуна подряддык жумуштарга уруксат берүүнү убада кылып, жабырлануучудан 100 миң АКШ долларын алган.

Анын кеңсесин текшерүү учурунда 60 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акчалар, ошондой эле Туманбаевге жазылган жасалма жазуу түрүндөгү кайрылуулар аныкталып, алынган.

Аталган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Мында кошумча «акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо» беренеси боюнча да иш каралууда.

 

 

333