7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Турак эмес мүлк салыгы бирдей үлүштө төлөнөт

236
Мамлекеттик салык кызматы турак эмес мүлк объектилерине салынуучу салыкты төлөө мөөнөттөрүн эскертет. Бул салык квартал сайын тең үлүштөр менен төмөнкү мөөнөттөрдө төлөнөт:
• 20-мартка чейин;
• 20-июнга чейин;
• 20-сентябрга чейин;
• 20-декабрга чейин.
Салык мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлккө салынуучу салыкты эсептөө жана эсепке алуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Ошол эле учурда салык төлөөчүлөр эсептелген салык суммасын белгиленген мөөнөттө төлөөгө милдеттүү.
Кыймылсыз мүлккө эсептелген салыктар тууралуу маалымат  сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетинде жеткиликтүү болот. Белгилей кетсек, мүлк салыктарынын туура эсептелиши мамлекеттик каттоо органдарынын маалыматтык системаларындагы маалыматтардын актуалдуулугуна түздөн-түз көз каранды.
Салык кызматы салык төлөөчүлөргө мүлккө болгон укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарды «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалыматтары менен салыштырып текшерүүнү сунуштайт.
Мындан тышкары, салык салынуучу мүлк объектилеринин ээлерине Салык төлөөчүнүн кабинетинен төмөнкү объектилер боюнча салыктын туура эсептелишин текшерүү сунушталат:
• турак эмес имараттар, жайлар жана курулуштар;
• калктуу конуштардын жерлери;
• айыл чарба багытындагы эмес жерлер.
Эгерде салыктын эсептелишинде ката же туура эмес маалыматтар аныкталса, маалыматтарды тактоо жана оңдоо үчүн «Кадастр» мамлекеттик мекемесине, ошондой эле объект жайгашкан жер боюнча Салык кызматынын аймактык башкармалыктарына кайрылуу керек.
237