7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчилери коррупцияга шектелип кармалды

535

Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы жана анын орун басары кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, алар фонддогу коррупция ишине шектелип жатышат.

Өлкөдө туризм тармагын өнүктүрүү приоритеттүү милдеттердин бири болуп саналат, ага өлкөнүн бюджетинен олуттуу каражаттар бөлүнүп, бул багытта жемиштүү иш алып баруу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө.

Бул максаттарга жетүү жана өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн уставдык капиталы 1 млрд сом менен «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» түзүлгөн.

Бирок, улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында, көрсөтүлгөн максаттарга бөлүнгөн каражаттардын ири өлчөмдө ысырап кылынгандыгы, аларды максатсыз пайдалангандыгы, фонддун жетекчилеринин негизсиз жогору эмгек акысы жана объектилерди жогорулатылган баа менен куруу фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголгон жана фонддо тинтүү жүргүзүлүп, тергөөгө тиешелүү финансылык документтер алынган.

«Табылып алынган документтерди алдын ала талдоо көрсөткөндөй, 2022-жылы фондго өлкө бюджетинен 1 миллиард сом бөлүнгөн, анын 608 миллион сомдон ашыгы туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар долбоорлорго өздөштүрүлгөн. Алсак, 21 эс алуу жайынын (т.н. «Рест Поинт») курулуш долбоорунун алкагында подряддык уюмдарга 100% контракттык сумма 105 млн сомдон ашык которулган жана долбоордук-сметалык документтери, аткарылган иштердин актылары жана каржылоонун негиздемеси жок болуп, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы объекти пайдаланууга берилген эмес. Ошону менен бирге, «Рест Поинтов» жеке курулушунун баасы, алдын ала маалыматтар боюнча, дээрлик эки эсеге көп жана 13 миллион сомдон ашык сумманы түзөт. Ар бир келишимдин баасы 40 миңден 256 миң еврого чейин өзгөрүп турган, ар кандай туристтик объектилерди өнүктүрүү боюнча «Концептуалдык идеялар» буга чейин эле 715 миң евродон ашык сарпталып, аталгандарды даярдоо боюнча чет өлкөлүк компаниялар менен көптөгөн келишимдерге өзгөчө көңүл бурулган» — деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, бул келишимдерде эч кандай техникалык шарттарды, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу каралган эмес, долбоорлорду даярдоо менен гана чектелип, фонддун кызматкерлери бүгүнкү күнгө чейин тергөөнү камсыздай алышкан эмес.

Тергөөдө ошондой эле бир гана арыздын негизинде фонддун жеке компанияларга жеңилдетилген шартта кредиттерди берүү фактылары, бизнес-пландары жок жана бул долбоорлордун келечеги бүдөмүк болуп, фонд тарабынан 65 миллион сомдон ашык каражат жумшалган фактылар аныкталган.

Жогоруда айтылгандардан тышкары, фонд жетекчилик үчүн ашыкча жогорку айлык акыларды белгилеген, ошондой эле туризм тармагында тажрыйбасы жок, бирок айына 6 миңден ашык доллар суммада эмгек акыны белгилөө менен чет өлкөлүк консультанттарды тартуу практикасын киргизген.

Учурда фонддун жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүп, керектүү экспертизаларды дайындоо пландалууда.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдерди эске алуу менен, фонддун президенти K.E.A. жана вице-президенти В.А.И. кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө аларга тиешелүү айып коюлуп, сот тергөөнүн мөөнөтүнө бөгөт коюу чарасын тандайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

536