7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Турсунбек Акун: Коомдо стабилдүүлүк орноп, экономика өсүүдө. Эми адам укуктарына да көңүл бурулса

663

Мурдагы омбудсмен, азыр Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун: Эртең, 10-декабрда, бүткүл дүйнө – Бириккен улуттар тарабынан Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынышынын 76 жылдыгын белгилейт. Эгемендиктин алгачкы жылдарында Кыргызстан Борбор Азиядагы адам укуктарынын корголушу жана деги эле демократиянын аралчасы деп аталып келген, анткени жарандык коом күчтүү болчу.

Акыркы жылдары азыркы бийлик бир топ саясий, экономикалык, дипломатиялык жетишкендик жаратты, жаңы ишканалар курулуп, жумуш орундары түзүлүп жатат жана коррупцияга каршы күрөш күчөдү. Бирок, аны менен катар, эл аралык уюмдар демократия боюнча түзгөн рейтингдерде өлкөбүздүн орду төмөндөдү, соз эркиндиги чектелди деген да сын айтылууда. Айрым Чыгыш мамлекеттери, мисалга, Сингапур же Түштүк Корея, алгач коомдо тартип орнотуп, андан кийин гана демократиялык баалуулуктарды өнүктүрө баштаган. Кыргызстан дагы ошондой жолго түшкөн сыяктуу…

664