7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тууганына аэродром белек кылган айыл өкмөт башчысы 12,8 гектар жерди мамлекетке кайтарды

193

Сузак районунда 12,8 гектар аянтты ээлеген аба майданы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1978-жылы Сузак районундагы «Плодородие» бирикмесине тиешелүү стратегиялык аэродром реформалар учурунда коррупциялык схемалар менен жеке менчикке өтүп кеткен.

Тактап айтканда, 2003-жылы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы мыйзам бузуу менен аталган тилкени өзүнүн жакын тууганы өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз токтом чыгарган.

Бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аянты 12,8 гектар болгон көрсөтүлгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

«Учурда УКМК мурда айыл чарба химия системасынын ишканаларына тиешелүү болгон бардык жерлердин мыйзамдуулугун комплекстүү текшерип жатат, анын жыйынтыгы менен мыйзамдын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

194