7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тянь-Шандагы аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталыш ыйгарылды

131

Президент Садыр Жапаров “Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын эске алуу менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен кызматташтыкты бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасы БУУга көз карандысыз мамлекет катары БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде 1992-жылдын 2-мартында кирген.

Кыргызстандагы БУУ системасынын максаты өнүктүрүү жаатындагы реформаларды ишке ашырууга жардам жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө эл аралык деңгээлде макулдашылган максаттарга жетүүгө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул мыйзам президенттин 2024-жылдын 1-июлундагы № 171 “Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” жарлыгынын 1-пунктунда министрлер кабинетине Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын тоо массивинде орун алган, Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу маселесин белгиленген тартипте карап, үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү боюнча коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында кабыл алынды.

132