Быйыл он миллион турист келет деп Чыпалактан баштап чиновниктерге чейин айтып жатышат го. Бирок, Ысык-Көлдөгү бааларды карап коюшса жакшы болмок, бүт кымбат. Бул тууралуу Талантбек Тыналиев аттуу социалдык тармактын колдонуучусу билдирди.
«Чолпон-Атадагы кымбат баадан Путин менен Пригожин эле эс албаса жөнөкөй адамдар кыйналып калчудай. Ар бир турист акчаны экономдоп эс алат. Бааларды көрсө бул эмне деген шумдук деши мүмкүн. Кыргызча эле так ошентип айтышы мүмкүн. Мен башка жакка барсам ошондой бааны көргөндө андан дагы жаман сөздөрдү айтып коём. Тейлөө болсо тоголок эле нөл, тамак-ашы кымбат. Жакшыраак тейлеп койгула десең жаман көрүшөт. Баары эле кыйын, арык-марык немелер келе калат бандит чалыш болуп. Андайды далай жолу баштан өткөрдүк, ошол нерсе такыр өзгөргөн жок. Ар бир турист мени жаратылыш гана кызыктырат, башка нерсе үчүн келбейт элем деп айтат. Ошонун баарын эсепке алып, бааларды арзандатып, тейлөөнү оңдош керек. Бир келген адам кайра келиши үчүн жакшы шарттарды түзүп, жакшы тейлеп, тамак ашын жакшы берип тосуп алып, эс алып бүткөндө жакшы узатып коюш керек. Тейлөө жакшы болсо, баалар арзан болсо кийинки жылы дагы келишет.
Эң негизгиси эс алып келгендерге жакшы мамиле керек. Мен дагы көлдүкмүн. Быйыл талтаңдап басып кыйын болбой, колтукту көтөрүп алып тырышпай, өзүнчө эле Аль Капоне болбой жакшы тосуп алалы. Бандит чалыш болуп башын оорутпай бизге конокко келишти деп билимдүү адамдардай мамиле кылалы. Эс алганга жакшы шарттар болсо, мамиле жакшы болсо коопсуздук каралган болсо быйыл келген турист кийин дагы келет. Кийин келгенде дагы жакшыраак мамиле болсо кышында деле келет. Космический бааларды арзандатыш керек. Антпесе бизге келгиси келген туристтер Түркияга кетип калып жатышат. Келгендерин болсо жакшы карап кармап калыш керек. Бизде Түркиядан дагы кымбат эс алып, бирок татыктуу тейлөө болбосо кийинки жылы келбей коюшу мүмкүн. Ошону жолго салыш керек. Эптеп эле акча иштеп калайын дегенди акырындан токтотолу. Канчалык тейлөө сапаттуу болсо ошончолук ийгиликтүү иштеп, жакшы кирешеге жетебиз», — дейт ал.