7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тынчтыкбек Шайназаров: Жалпысынан чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси болот

241

Чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда чет өлкөлөрдө 51 шайлоо участогу ачылган.

«Биз жарандардын шайлоо укугун камсыздап берүү үчүн дагы 49 шайлоо тилкесин ачкан жатабыз. Муну менен жалпысынан чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси болот», — деди ал.

Ошондой эле Тынчтык Шайназаров белгилегендей, шайлоочулар тизмеден өзүн 19-ноябрга чейин такташы керек.

Белгилей кетсек, өлкөдө 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округда үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.

242