7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Убакытты жаан менен билишкен… Жамгырды сүйгөн жандар үчүн кызыктуу фактылар

1109

Асмандан тамчы тамып баштаганда эле өсүмдүктөр өйдө көтөрүлүп , тааныш адамын күткөндөй баштарын асманга созуп калышат. Көп күндөн бери Кыргызстанда тынбай жамгыр жаап жатат. Кээ бири жаанда жумушка чыккысы келбесе, кээ бири жамгырда сейилдөөнү жакшы көрүшөт. Ал эми кээ бир аймактарда катуу жаандан сел жүрүүдө. Жаратылыштын бул кубулушу өзүнө кандай сырларды, фактыларды камтыйт ойлонуп көрбөсөк керек. Мына ушул жаан тууралуу фактыларга көңүл бөлсөк…

1. Португалияда жаан жумушка барбай коюунун бирден-бир себеби.

2. Пара шаарында тургундар саатты жаан менен билишет, анткени ал жакта жамгыр бир эле саатта жай берет.

3. Негизи жамгырдын жыты жок. Жамгырдын жытына таандык жыт, чынында, актино жана цианобактериялар тарабынан бөлүнүп чыгат. Жамгырга жыт берген зат геосмин деп аталат.

4. Жамгыр аба ырайынын радиодон берилүүсүнүн себепчиси. Америкалык радиостанциянын башчысы жамгырда калып калган, ошол учурдан тарта аба ырайы тууралуу жанылыктарды берип баштаган.

5. Кубада жамгыр ысык күндөр учурунда жааса, ал эми Таиландда түнкүсүн гана жаайт.

6. 17-кылымда Улуу Британияда жамгыр жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган, ага ылайык синоптик жамгырды туура эмес божомолдогондугу үчүн жазага тартылган.

7. Адам чөлдө болсо, жамгырда толугу менен кургак бойдон кала алат. Чындыгында чөлдө жамгыр жаайт, бирок жамгыр тууралуу билүү мүмкүн эмес, анткени тамчылар жерге жетпей, ысык абанын таасири астында бууланып кетет.

8. Черрапунжи шаары (Индия) дүйнөдөгү эң жаанчыл шаар болуп саналат. Жыл ичинде ал жерде 26460 мм жаан жаайт.

9. Огайо штатынын Уайнсбург шаарында жыл сайын 29-июлда жаан жаайт. Бул көрүнүш 100 жылдын бери кайталанып келет .

10. Болжол менен жүз миллион адамдын ичинен жамгырга аллергиясы бар бир адам кездешет. Алардын сууга аллергиясы бар. Териге тийсе кызарып, шишик пайда болуп , өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн.

11. Планетанын эң жаанчыл жерлеринде кышында суунун жетишсиздиги байкалат. Жаан-чачындан кийин кыш өтө кургак болгондуктан, тургундар башка шаарлардан суу сатып алууга аргасыз болушат.

12. Кауаи шаарынын тургундары чындап эле узакка созулган жамгыр эмне экенин жакшы билишет. Гиннестин рекорддор китебине ылайык, бул жерде жылына он беш гана жаан-чачын жок күн болот. Башкача айтканда, ал жерде жылына 350 күн жаан жаайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1110